Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Мекенди сүйүү-ыймандан

Мекенди сүйүү – куру сөз менен болбойт. Мекенди сүйүү – кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен болбойт. Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот. Аалымдардын бири айтат: “Адамга туура баа берүү үчүн, анын үч нерсесине көңүл бур: мекенге болгон сүйүүсүнө, бир туугандарына жасаган мамилесине, өткөн өмүрүнө эсеп берүүсүнө”. Адам өз мекенине болгон сүйүүсүн кантип билдирет. Биринчи кезекте, мекенинин келечеги үчүн эмгек кылуу керек. Ооба, учурда эмгектенген адамдар көп. Бирок, өзүнүн керт башы үчүн эмес, мекен үчүн эмгектенген адамдарды табуу кыйын. Экинчиден, мекендин өнүгүүсүнө колунан келген салымын кошуусу керек. Анткени, мекендин өнүгүүсү – анда жашаган адамдардан көз каранды. Эч ким, эч качан сырттан келип биздин мекенди өнүктүрбөйт. Сырттан жардам берип жаткан сыяктуу көрүнгөндөрдүн баарынын өз кызыкчылыктары бар. Аларды биздин мекендин өнүгүүсү кызыктырбайт. Мекен биздин колубузда. Ал үчүн биз күйүп-бышышыбыз керек. Үчүнчүдөн, мекенибизде жашап жаткан коомду туура жолго баштоо керек. Коом ыймандуу болсо, коом мекен алдындагы өз милдетин билсе, мекен сакталат. Эгер коом бузулса, мекен кызыкчылыгын эч ким ойлобой калат. Бул учурда мекенди сактоо кыйын. Төртүнчүдөн, мекен үчүн, эл үчүн коркунуч туудурган чет элдик жаман жорук-жосундарга бөгөт коюу керек. Элинин, мекенинин келечегине кайдыгер карабаган адам гана өзүн “мекенчил”, же “мекенди сүйөм” деп айта алат. Урматтуу мусулман бир тууганым! Кээде “мен мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылам” деген адамдардын өз элин, өз улутун башкалардан жогору койгонун көрүп жүрөбүз. Бир нерсени жакшы түшүнүп алуубуз керек! Мекенди сүйүү – бул, улутчулдук эмес. Улутчулдук – эртедир-кечтир зыянын тийгизүүчү жаман адат. Өз улуту менен сыймыктануу, өз улутун сыйлоо – жакшы. Бирок, башка улуттардын укугун да эске алуу керек. Алар да өз улутун жакшы көрөт. Аларды кемсинтүү туура эмес. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) улутчулдуктун жаман адат экендигин айтып, андан сактанууга чакырган. Урматтуу мусулман бир тууганым! “Туулган жердин топурагы алтын” экенин баарыбыз жакшы билебиз. Аталарыбыз мекенин сактап биздин колубузга өткөрүп берди. Эми аны келечек муунга өткөрүү биздин милдетибиз. Келечек үчүн кайдыгер карабаган ар бир инсан, мекени үчүн кызмат кылууга милдеттүү. Ар ким колунан келишинче мекен үчүн кызмат кылса, мекендин өнүгүүсү жана сакталуусу толук мүмкүн. Ал эми мекенибизди бир четинен сата берсек, өз керт башыбызды ойлоп мекенден чыгып кете берсек, анда анын келечеги бүдөмүк боюнча кала берет. Жараткан Аллах мекенибизди гүлдөп, өнүккөн өлкөлөрдөн кылсын. Мекенибиздеги ар бир атуулдун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүү сезимин ойготуп, алардын мекенге кызмат кылуусун насип кылсын.

Даярдаган: АКнын мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов

 

Кароолор (694)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10160
Онлайн: 1