Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Баасын көтөрүп, кымбат сатам дегендер Алланын каргышына калган

Дартты жана анын дабасын жиберген Алла Таалага мактоолор болсун. Сүйүктүү Мухаммад пайгамбарыбызга Алланын саламы жана салаваты болсун.

Азыр өлкөдө болуп жаткан оор учурда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы төмөнкү маанилүү маселелерди эске алууга чакырат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги пандемия учурунда элдин саламаттыгы үчүн иштеп чыккан атайын сунуштамалырын аткаруу ар бир жаран үчүн маанилүү. Себеби, ар бир жан Кудай Тааланын берген аманаты. Ал эми пенделер өзүнүн да өзгөнүн да ден соолугуна сак болушу зарыл. Андыктан кайдыгер болбой, зарылдык болбосо көчөгө чыкпастан үйдө болуу, базарга же коомдук жайларга чыкканда сөзсүз бет кап тагынуу, колдуу жууп, антисептикалык каражаттарды колдонуп туруу өзүбүздүн жана жакындарыбыздын өмүрүн сактап калууга, өлкөдөгү эпидемияны токтотууга кошкон салымыбыз. Каза болгон жарандарга баруу, көңүл айтуу, жаназа намазына катышуу парз кифая. Андыктан маркумду жерге берүүдө көп адам топтолбой, аз адамдын катышуусунда өтүүсү кырдаалга жараша зарыл болууда. 

Эл ооруп, дары-дармекке муктаж болуп турган учурда кээ бир уятсыз адамдар элдин кыйналган абалынан пайдаланып, акча таап калгысы келүүдө.  Мындай иштер Аллага жакпаган иш. Мухаммад пайгамбарыбыз ага Алланын саламы жана салаваты болсун:   “Азык-түлүк алып келүүчү (соодагерге) ырыскысына береке берет. Баасын көтөрүп, кымбат сатам дегендер Алланын каргышына калган»

ن ابن عمر أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: «الجالب مرزوق، والمحتكر ملعون»

Абу Ханифа рахимахулла айтат:  Бүтүндөй элден эл керектөөчү нерселерди  катып сактап, кымбаттаганда сатам деп зыян алып келген соода-сатык  (ихтикаар) сактагандык деп аталат. Керек болсо алтын, күмүш же кийим-кече болсо дагы. Демек, бүгүн элибиз кыйналып турган учурда дары-дармекти катып алып, кымбаттатып сатып жаткандардын соодасы дурус эмес. Алар күнөөкөр болушат.

Биз башыбызга оор абал келип турганда социалдык тармактарда ар кимди сындап, ар кандай маанайды түшүргөн сөздөрдү айтып, көңүлдү түшүрбөстөн, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, колдон келген жардамыбызды элге көрсөтөлү. Биримдик, ынтымак жана Жаратканга кайрылып, күнөөлөргө тообо,  дуба кылып, бул ооруну бирге жеңебиз.

 

Кароолор (311)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10160
Онлайн: 1