Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу

Конок китеби

Ассаламу ъалайкум уа рахматуллохи уа барокаатух! Амансыздарбы? Мен көптөн бери атама татыктуу жар издеп жүрөм. Апам мындан 7 жыл мурун кайтыш болгон. Атам азыр 50 жашта. Апам өткөндө атам катуу сыгылып жүрүп көзү да көрбөй калды. Үйдө баары жетиштүү. Биз да окуп жүрөбүз. Атам көзү сокур болсо да,көөдөнү сокур эмес. Аябай жакшы адам. Болгону ооруп калды. Эч оорчулугу да тийбейт. Үйдө жумуштарды жасап жүрө берет. Аа баса,биз 4 бир тууганбыз. 2 кыз 2 уул. Эжем турмушка чыгып 1 баласы бар. Иним быйыл мектепти бүтөт. Кичине иним агамдын колунда. Аа мен болсо, университетте окуйм. Мен да бир күн Аллах буйруса турмушка чыгып кетем. Атамы караган,түшүнүктүү, ыймандуу аял болсо. 1 кызы болсо да боло берет. Үй-жайыбыз ,мал-калибиз бар. Альхамдулиллах! Турмуштан кыйналган эжелер болсо жакшы эле. Бизди түшүнгөн. Кийин үйгө келгенде бизди жакшы күтүп алса. Чынында көптөн бери издеп жүрөм такыр таба албай жатам. Өзүм жолуктамын шүгүр. Баарыбыз динди жакшы түшүнөбүз. Акыркы үмүтүм сиздер болдуңуздар...
23.4.2021
 
Ассаламу алейкум. Мен кайиниме үй-бүлө курганга жар керек.
23.4.2021
 
Ассаляму алейкум, Аллахтын ыраазылыгы үчүн аманатымы издеп жатам силер себепкер болуп калаар деп. Аллах ыраазы болсун.
10.2.2021
 
Сайтка садака кылайын десем акчам жок болуп жатат. Буюрса болуп калаар.
22.1.2021
 
Аллах ыраазылыгы үчүн келечектеги жарым ыйманым издеймин. Жакшы ыймандуу кыз издеймин.
9.1.2021
 
Турмушту улантыш үчүн момун аялдар менен баш кошуу максатым бар.
24.11.2020
 
Ассаляму алейкум nikah.kg. Сиздердин сайт аркылуу жолдошум экөөбүз 8 жыл мурун таанышканбыз, үйлөнгөнүбүзгө быйыл 7 жыл болот буюрса. Эки балабыз бар. Сиздерден Аллах ыраазы болсун.
16.11.2020
 
Мен сиздерге кайрылуумдун себеби, үй бүлөө куруу максатында жашы 35-42 жашка чейинки келиндерди издейм. Өзүм жети жылдан бери намаз окуйм, Бишкекте турам, нарындык, көлдүк, чүйлүк келиндер болсо болот.
10.3.2020
 
Ассалааму алейкум ва рахматуллоохи ва баракатух. Экинчи аял алуу ниетте динден илими түшүнүгү бар, жүрөгү ыйманга сугарылган, диндар кыз-келиндер мн таанышсам дейм. Өзүмдүн жашым 39 да. 32 жашка чейинки намаз окуган кыз-келиндер болсо дейм.
27.10.2019
 
Ас-саляму алейкум ва-рахмату-Лла́хи ва-баракя́тух! Мен бир тууган агама жубай издөө аракетин жасап жаттым эле. Бир тууганым диндеги адам, 36 жашта. Буга чейин үйлөнгөн эмес. Азыркы учурда Ислам дининде жүргөн, шарият менен жашаган, жоолук салынган, хиджабчан кызды издөөдөбүз. Ысык-Көл, Нарын же Чүй өрөөнүнөн. Кыздын жашы 26 чейин, турмуш курган эмес, ыймандуу, акыл эстүү кыз болсо деген тилектебиз. Өзүбүздүн үй-бүлөбүз татыктуу адамдарбыз, туура жолдо жүргөн, жаман адаттардан алыспыз. Бир тууганым өтө токтоо, сабырдуу жигит. Үй-бүлөнүн, аялзатынын баркын билген, сыйлаган адам. Ошого татыктуу кыз болсо абдан сонун болот эле. Сайтыңарга рахмат! Аллах ыраазы болсун!
22.10.2019
 

Никах

Сайтта колдонуучулар: 8660
Онлайн: 5