Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Жакшы ниет - жарым ырыс же ниеттин күчү...

Ар бир иш ниеттен башталат эмеспи. Кандай ниет кылсаң ошого жетесиң. Кандай күйөөнү, үй-бүлөлүк турмушту, бала-чаканы самасаң, Аллах буюрса, анын баары келет. Бир гана маселе... туура ниеттенгенди билебизби?

Кээде өтө жөнөкөй көрүнгөн нерсе – ниетке, анча маани бербей кете беребиз. Чындыгында болсо, ар бир иш, кичинеби-чоңбу, ниетке жараша болот. “Жакшы ниет – жарым ырыс” дейбиз. А ниеттенүү деген эмне өзү? Кантип ниет кылыш керек? Во-о-о-о-т, иштин баары ошондо жатат да.

Бир тууган мусулман ухтишкалар! “Менин күйөөм жакшы киши болсо”, “мен тууралуу камкордук көрүп, мени бакса” же “мени ар дайым сүйсө” ж.б.у.с. кептер НИЕТ ЭМЕС. Бул жөн гана кыялдануу.

Кыялдануу да пайдалуудур. Бирок, кыялданып, асмандан жерге түшкөн соң, кыялыңды ишке ашыруу деген бар да, туурабы? Мына, ошол кыялыңды ишке ашыруунун биринчи тепкичин НИЕТ деп койсо болот.

Ниет конкреттүү, керек болсо көлөм-өлчөмү бар нерселерде болот. Мисалы: “күйөөм мен тууралуу камкордук көрсө” дейсиз. А “камкордук” дегенди сиз кандай түшүнөсүз? Стаканыңыздагы чайга эки кант салып, аралаштырып койсо камкордук деп эсептейсизби?

Кандай гана жооп бербеңиз – бул нерсе бирөөгө камкордук, экинчисине камкордук эмес. Кээ  бир аялдар үйүнө кирип келген күйөөсүнүн “ассалам алейкум” сөзүн камкордук десе, экинчилери алтын сөйкө-шекексиз камкордугун элестете албайт, кээ бирөөлөр атасы балдары менен ойноп жатса камкордук десе, экинчилери балдарын тызылдатып сабап жүргөн кишини камкор дей. Күлөсүңөр, бирок ушундай нерселер жок эмес.  

“Күйөөм камкор болсун” деп коюш демек жетишсиз экен. “Камкор күйөө ушундай болуш керек” деп мамлекеттик стандарт чыгарылбагандыктан, аны ар бирибиз өз алдынча түшүнөт турбайбызбы.  

Ошондуктан туура ниет кылууну баштайлы. Мына, ошондо гана жашообузда кандай гана чо-о-о-ң өзгөрүүлөр башталат дейсиң ;-) “эптеп эле күйөөгө чыксам болду”, “мени эч ким карабайт го мен сулуу эмесмин, кедеймин, айылдыкмын, билимим жок”, “кантип аны менен таанышам, ал бай да (вариантында сулуу да, министрдин баласы да, шаардык да)”  ж.б.у.с.  КАЛПтын баары бара-бара кетип, анын ордуна жакшы, жүрөктү жылыткан жылуу сезимдер келе баштайт, керектүү сиз жактырган инсандар менен таанышып, өзүңүз каалаганын тандап турмуш куруу мүмкүнчүлүктөрү ачылат.  Ишенбейсизби? Көрүңүз, биз менен болуңуз, биз айткан нерселерге кулак төшөңүз, сурооңуз болсо бериңиз – бирок, жыйынтыгын көргөндө “ий, чын эле турбайбы” деп айта көрбөңүз :-)

 

Nikah.kg  сайты ::  «Мусулман аял» бурчу

 

P.S. Эже-сиңдилер! Бул макала сизге пайдалуу болдубу? Макаланы жазып жаткан бизге кандай сунуш-пикирлериңиз бар? Суроолоруңузчу? Азыркы этапта сизди эмне кабатандырып жатат? Биз менен бөлүшүп, маселени чечүүнүн жолун чогу таппайлыбы?

 

Кароолор (4234)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10183
Онлайн: 1