Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
СУРОО: Мен намаз окуган баламын. Мен кызды сүйсөм болобу же бул туура эмеспи?

СУРОО: Мен намаз окуган баламын. Мен кызды сүйсөм болобу же бул туура эмеспи? 

СУРОО: Мен күйөөмдөн башка башка адамды сүйөм , бирок ал адам менен жолукпайм, күйөөмдүн айтканын угам. Бул күнөөбү?

 

ЖООП: Сүйүү – Алла Таала тарабынан жаратылган, жандыктарга берилген табигий сезим. Сүйүү – жактыруу, жүрөктүн сүйгөнүнө болгон байлануусу. Сүйүү жүрөккө таандык нерсе.

 

Көп адамдар, айрыкча мусулман жаштары сүйүү тууралуу сүйлөшүүдөн чочулап турушат. Алардын көбү аны күнөө деп эсептешет, анысы аз келгенсип, эгер каршы жыныстагы адамга сүйүү сезими козголсо, өздөрүн күнөөкөр сезишет. Бул чын эле ушундайбы? Ислам сүйүүгө тыюу салабы? Эгер башка бирөөнү сүйүп калсаң эмне кылуу керек? Бул суроолорго, Кудай кааласа, биз ушул макалада жооп беребиз.

 

АЗЫРКЫ ЗАМАНДА СҮЙҮҮ ДЕП ТҮШҮНҮЛГӨН НЕРСЕ – АЧЫК БУЗУКУЛУК

Эмне үчүн ыймандуу жаштардын “сүйүү” түшүнүгүнүн алдында түшүнүксүз коркуу сезими пайда болот? Жооп: бул ыйык түшүнүк бири-бири менен мыйзамсыз алакаларда болгон (ойноштук) бузуку адамдар жана алардын кылыктарын менен байланыштырылып калгандыктан пайда болгон. Алар отуруштарда, сайран курууда, бийлөөдө, ичимдик ичүүдө эң жаманы зынада  өткөргөн убакыттарынын бардыгын сүйүү урааны менен коштоп жатышат.

 

Ой-пикирдин жана катнашуулардын эркиндигин жар салган Батыш маданияты (туурараак айтсак маданиятсыздыгы)  сүйүү түшүнүгүн айбандык шакыбат деңгээлине түшүрдү: флирт, эротика, порнографияны сүйүү деп койду.  Ошол себептен көпчүлүк “сүйүү ушул сыяктуу гана болот экен” деп ойлошууда, чындыгында бул туура эмес пикир.

 

ЭРКЕК МЕНЕН АЯЛДЫН ОРТОСУНДАГЫ СҮЙҮҮНҮ АЛЛА ТААЛА ЖАРАТАТ.

Акыйкатта эркек менен аялдын ортосундагы бири-бири менен болгон байлануу шакыбаттан келет. Алла Таала адамдарга аны кооздоп койду. “Адамдарга аялдар тарабынан берилген рахат сүйүүсү кооздолгон” (Али-Имран, 14). Жана башка аятта айтылат: "Анын аят-белгилеринен силерге өзүңөрдөн жуп жаратты, силер тынч болууңар үчүн, жана ортоңордо сүйүү жана мээримдүүлүк пайда кылганы" (Рум, 21)

 

Пайгамбарыбыздын хадисинде болсо: “Дүйнөдөгү бар нерселерден мага аялзаты жана жыпар жыттар сүйкүмдүү болду. Намаз болсо менин көздөрүмдүн жыргалы” дейт эле. (Ахмад, Насаи, Хаким жана Байхаки)

 

Сүйүү – эркекти аялга, аялды эркекке тартат. Сүйүү болбосо нике да, бала-чака да, үй-бүлө да болмок эмес. Бирок, Билүүчү, Даанышман Аллах, сүйүүнү эркек менен аял мыйзамдуу, адал байланыш түзсүн деп берди, ойноштук кылсын деп берген эмес.

 

СҮЙҮҮНҮН МАКСАТЫ – ЭРКЕК МЕНЕН АЯЛДЫН ОРТОСУНДА НИКЕ БАЙЛАНЫШЫН ЖАРАТУУ

Ибн Мажанын риваятында келтирилгендей, Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты: “Эки сүйүшкөнгө   никеден артык эч нерсе табылбайт

 

Сүйүү – биринчи кезекте бул камкөрүү жана жоопкерчилик. Чыныгы ыклас сүйүү келиш үчүн тиешелүү себептерди аткаруу керек.

 

Сүйүунүн ачкычы бар. Ал көз менен кароо. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам жигитке үйлөнчү селкисин бир карап коюга буйруган. Кароо менен эркек менен аял ортосунда жылуулук жана симпатия пайда болот. Мугира ибн Щуъба, радиаллаху анху, айтты: “Мен бир аялга кудалашып койгом эле. Пайгамбар алейхиссалам менден “Сен аны карадыңбы?” деп сурады. Мен “Жок” дедим. Анда ал “Баргында карап келгин. Кароо силерди бири-бириңерге дагы жакындатат” деп айтты” (Ахмад и Нисаи). Жакындатуу – сүйүү, ынак болуу жана макулдук.

 

Кароо албетте кызыгууну туудурат, көрүлгөн нерсе тууралуу сезимди ойлонтот. Ойлор чогулуп отуруп ниетке калыптанат. Ниет топтолуп аракетке алып келет. Аракет бул дене мүчөлөрүнүн амалы: кол, бут, тил. Ал эми жыныс мүчөлөрү бардыгын тастыктап эле коёт.

 

Кароо -> Ойлор -> Ниет -> Аракет

 

Аллахтын объективдүү мыйзамченемдүүлүгү боюнча кароо ойлорду туудурат. Арамды кароо арам ойлорго, арам ой арам ниетке, арам ниет арам ишке алып келет (ойноштук).

 

Аллах субханаху ва таалаа, даанышман мээримдүү зат, арамга алып барчу чынжырды башынан эле үзүү үчүн эркек-аялга көзүн катып, бири-бирине карабоону буюрду: “Ыймандуу эркектерге айт (бөтөн аялдарды кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн сакташсын! Алар үчүн ушул тазараак (жорук). Аллах алардын бардын иштеринен Кабардар! Ыймандуу аялдарга айт: (бөтөн эркектерди кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн сакташсын!...” (Нур сүрөсү, 30-31 аяттар)

 

Жана да Аллах  аялдарга  буйурду эркектердин сезимдерин дүүлүктүрүүчү дене мүчөлөрүн жаап-жашырып жүрүүсүн: “Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башка зыйнат-тагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктарын менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат тагылуучу мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана көрсөтө алышат күйөөлөрүнө же аталарына же...” (Нур сүрөсү, 30-31 аяттар)

 

Аллахтын объективдүү мыйзамченемдүүлүгү боюнча кароо ойлорду туудурат. Адалды кароо адал ойлорго, адал ой адал ниетке, адал ниет адал ишке алып келет (нике).

 

СОҢКУ СӨЗ

Сүйүүнү Аллах жаратат. Сүйүүнү пайда кылуучу себептер бар, эгер ошол себептерге ээрчисек сүйүү пайда болот. Кароо, суктануу, ойлоо, ниеттенүү, сүйлөшүү, көрүшүү, чогу болуу – сүйүүнү алып келчү себептер. Сүйүү пайда болсо – демек тиешелүү себептер аткарылган.

 

Бир улан бир селкини сүйүп калды. Мүмкүнчүлүгү болсо, кыз ылайыктуу болсо үйлөнсүн да сүйүүнүн уландысын нике турмушунан көрсүн.

 

Жигитте кызга болгон сүйүү пайда болуп калды. Демек тиешелүү себептер аткарылган. Ал караган, ойлогон, сүйлөшкөн. Үйлөнө албаса – анда сүйлөшүүнү токтотуу керек, карабоо керек, жолугушуудан баш тартуу керек. Бул чоң күнөөгө кирип кетүүдөн сактайт.

 

Үйбүлөлүү аял чоочун эркекти сүйүп калды. Демек тиешелүү себептер аткарылган. Ал караган, ойлогон, сүйлөшкөн. Шайтан, үй-бүлөнү бузуу үчүн, башка эркекти куйөөсүнө караганда сулуураак, кайраттуураак, берешендүүрөөк кылып кооздоп коёт. Эми, эгер аял өз көнүл каалоосун ээрчип кетсе, ал карап, ойлоп жүргөн эркек деле өз күйөөсүндөй эле экенин байкайт. Кийин күйөөсунүн жакшы сапаттарын, ал татыктуураак экенин, жоомарт экенин, мээримдүүрөөк экенин эстеп өкүнөт... Кутулуу кайда? Аллахка тооба кылуу, кечирим сурап, көп намаз окуу. Күйөөсүн карап андан асыл сыпаттарды издөө. Жана да билүү – бул дүйнө сыноо, убактылынча берилген нерсе, ал эми бардык сыйлык Кудайдан корккон таква пенделердин артында болот экенин!

 

Сүйүү – биринчи кезекте бул кам көрүү жана жоопкерчилик дегендик

 

Чыныгы ыклас сүйүүнү пайда кылуу үчүн тиешелүү себептерди кылуу зарыл

 

 

Автор:  @maksat mambetaliev   (Муфтият.kg)

 

P.S. Урматтуу окурман, бул макала тууралуу ой-пикириңиз барбы? Сизди ушул же башка темалардагы суроолор кызыктырса кийинки макалаларыбызды  сиз берген комментарийлерге жараша чыгармакчыбыз. 

 

Nikah.kg сайты.

 

Кароолор (1677)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10186
Онлайн: 1