Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
ЖАН ДҮЙНӨНҮ ТАЗАЛООНУН ЖОЛДОРУ

Эй бир тууганым, сага кээ бир парз жана нафил(кылса сооп кылбаса күнөө болбойт)иштерди айтып өтөйүн. Алар сага өз напсиңди тазалоого жардам берет. 

6-Күндө беш убакыт намаз менен окулган 12 рекет сүннөт намазын калтырбай окуганга сак болуу.

Пайгамбарыбыз(Аллахтын салават саламдары болсун)айтты; «Кайсы мусулман күндө Аллах үчүн фарздан башка он эки рекет намаз окуса, ага Бейиштен үй салынат.» (Муслим 729.)

Тирмизийнин риваятында; Төрт рекет бешимден алдың, эки рекет андан кийин, эки рекет шамдан кийин, эки рекет куптандан кийин, эки рекет багымдаттан алдың-деп келген.

7-Илим жана зикр чогулуштарына баруу, алардан баш тартуудан этият болуу.

Пайгамбарыбыз(Аллахтын салават саламдары болсун)айтты; «Кайсы бир коом Аллахтын үйлөрүнүн биринде чогулуп Куран окуса, бири бирине илим үйрөтсө, аларга тынчтык түшөт. Аларды Аллахтын мээрими жабат, периштелер аларды курчайт, Аллах аларды өз алдындагыларга эскерет.» (Муслим 7028.)

Пайгамбарыбыз (Аллахтын салават саламдары болсун)айтты; «....үчүнчүсү болсо, баш тартып бурулуп кетти Аллах андан бурулду.» (Бухари 66.) (Муслим 5810.)

Бул окуя үч адам жөнүндө айтылат, алар мечиттин жанынан өтүп баратып, сабак болуп жатканын көрүп, биринчиси алдыңкы катарларга барып отурат, экинчиси акыркы катарга отурат, үчүнчүсү болсо бурулуп басып кетип калат.

8-Өз нафсин ар күн, ар түн, жатаардан мурун же болбосо кайсы убакта болбосун суроо-жооп кылуу. Өз ниетин, ыхласын, жаңылоо, жүрөк ооруларынан этият болуу. Алардын эң коркунучтуусу; Рия  [эл көрдү] кылуу, элден мактоо талап кылуу, өзүн көтөрүү, өзү менен суктануу, кош көңүлдүк, тобокелди таштап себептер менен алек болуу, бирөөлөрдүн көңүл буруусун талап кылуу, мансап талап кылуу, дүнүйөнү жакшы көрүп башка нерселерден алдың коюу, кызганычтык жана көрө албастык.

Булар жөнүндө Аллах Таала Куранда айтты:«Эй момундар Аллахтан корккула! Жан ээси эртеңкиге эмне даярдаганын карасынчы?! Анткени, Аллахтан корккула! Анткени Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.» (Хашр 59:18.)

Пайгамбарыбыз (Аллахтын салават саламдары болсун) айтты;«Чындыгында Аллах силердин денеңерге түс-келбетиңерге карабайт, бирок силердин жүрөгүңөргө карайт.» (Муслим 6707.)

Башка бир риваятта; «Силердин кылган ишиңерге карайт.» (Муслим 6808.)

9-Күн менен түндүн алмашканына, убакыттын өткөнүнө, жакшы иштерди аз кылганына көңүл буруу жана жалкоолуктан этият болуу.

Пайгамбарыбыз(Аллахтын салават саламдары болсун)айтты; «Эки жакшылык бар, көп адамдар андан алыс, ал ден соолук жана бош убакыт.» (Бухари  6412.)

10-Аллахтын асманды, жерди жараткандыгына ой жүгүртүп, көңүл буруп, жүрөк ибадаттары менен кароо. Мисалы; Аллахты жакшы көрүү, андан коркуу, мээримин үмүт кылуу, сагынуу, Аллахтын ысым сыпаттарынын таасирлерине ой жүгүртүү, жакшы тобокел кылуу, мойун сунуу, Аллахтын кол астында өзүн ылдый жана алсыз сезүү.

Аллах Таала Куранда айтты:Асмандар жана жердин жаралуусунда, ошондой эле түн менен күндүздүн алмашып турушунда акыл ээлери үчүн аят белгилер барлыгы күмөнсүз. Алар Аллахты турганда, олтурганда, жатканда да эстешет, ошондой эле асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат, Роббибиз бул нерселерди бекер жараткан жок. Сен бардык кемчиликтен тазасың. Өзүң бизди тозок отунан сакта.(Али Имран 3:190-191.)

Доктор Ясир абу Мухаммаддын   "Мээримдүү Аллахтын белеги" аттуу китебинен 

Которгон: Аль-Азхар университетинин студенти Кадырулла Султан уулу

 

Кароолор (448)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10183
Онлайн: 1