Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 
Яндекс.Метрика

 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Үй-бүлөгө жана ата-энеге жакшылык кылуу

بسم الله الرحمن الرحيم
Үй – бүлөгө жакшылык кылуу
Эсепсиз нематтарды өз пенделерине тартуулаган Аллах Таалага бардык мактоолор болсун. Үммөткө туура жолду көрсөткөн эң сонун үлгүлөрдүн ээси пайгамбарыбызга (с.а.в) Аллахтын рахмады жана саламы болсун.
Жараткан зат Өзүнүн мээримдүүлүгү менен инсандарга чексиз жакшылыктарды тартуулаган. Ошол жакшылыктардын арасынан бизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун деп үй – бүлөнү тартуулаган. Үй – бүлө ата – эне, эрди - катын, бала – чака жана бир туугандардан түзүлөт. Андыктан мен үй – бүлөгө жакшылык кылуу жөнүндө төрт бөлүктө кыскача отүрдө баяндайм.
1) Ата – энеге жакшылык кылуу
2) Жубайлар арасындагы мамиле,
3) бала – чакага ырайымдуу болуу
4) Бир туугандар менен жакшы мамиледе болуу.

Ата – энеге жакшылык кылуу
فبر الوالدين مما أجمع على وجوبه علماء المسلمين
Ата – энеге жакшылык кылуу фарз экендигине бардык ислам аалымдары бир ооздон ынанышкан.
Исра сүрөсүнүн 23 – 24 – аяттарында ата – энеге жакшылык кылуунун парз экендигин Аллах Таала Өзү баяндаган.
Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата – энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө же экөө тең карылык куракка жетсе аларга «уфф» дебе, аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып «Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй аларды
мээримиңе бөлө» - дегин. (Исра 23,24)
Бул аятта эң биринчи Аллахка шерик кошпостон ибадат кылуу парз экендиги билинди. Ошондуктан ата – энеге жакшылык кылуу жагы Аллахка ибадат кылуунун бир бөлүгү болот. Аллах бул аятта ата – энеге «уфф» - деп айтпагын деп айтты. Мунун түшүнүгү – ата – энеге бир гана «уфф» деген сөздү айтпаш эмес. балким жаман сөздөрдүн эң жеңили «уфф» деген сөз. Ата – энеге «уфф» деп айтуу харам болгондон кийин андан дагы жаманыраак сөздөр менен каяша айтуу ого бетер тоң моюндука жатат. Аяттын уландысында Аллах Таала буйрук сөз менен кайтарып, «сен аларды зекибе» деп айткан. М.а сенден аларга болгон жаман кылык да чыкпасын. Колуңдан алар эч кандай зыян көрбөсүн. Аллах Таала өз ата – энеңе сөз менен да кол менен да зыян жеткирүүдөн тыйгандан кийин, жакшы сөз менен ата – энеге жакшылык кылууну буюруп: «Сен аларга жумшак сөз айткын» - деди. М.а жылуу – жумшак сөздөрдү урмат жана адептүүлүк менен тартуулаш зарыл. Аяттын уландысында Аллах Таала ата – энеге мээримдүүлүк канатыңды жайууга буйурган. Аларга мээримдүүлүк кылуу бир гана тирүү кезинде эмес, кайтыш болуп кеткенден кийин дагы таасири кала берет. Анткени Аллах Таала ушул аятты аларга дуба кылган деген өкүм менен аяктады. Жогорудагы аяттын тафсиринде жалпы түрдө айтылган. Б.а ата – эне каары болсун, же жаш болсун, бай болсун же кедей болсун, акылдуу болсун же акылсыз болсун. Кала берсе ата – энеси мусулман эмес болсо дагы аларга кызмат кылуу, урматтап сыйлоо зарыл. Бардык ислам аалымдары ата – эненин адилетүү же күнөөкөр экендигин карабастан аларга жакшылык кылуу ваажып дешкен. Себеби күнөөкөр болуу ваажиптик деңгээлди сындырбайт.
قال في الفواكه الدواني: ومن الفرائض العينية على كل مكلف بر الوالدين أي الإحسان إليهما ولو كانا فاسقين بغير الشرك، بل وإن كانا مشركين، للآيات الدالة على العموم، والحقوق لا تسقط بالفسق ولا بالمخالفة في الدين..
Фаваакихуд Даваани деген китепте жаылган: ар бир балакатка жеткен адам үчүн ата – энесине жакшылык кылуу фарз ъайн. Т.а ата – энеси каапыр болбостон күнөөкөр болсо дагы аларга жакшылык кылууга милдеттүү.
ونقل في الآداب الشرعية عن صاحب المستوعب قوله: وَمِنْ الْوَاجِبِ بِرُّ الْوَالِدَيْنِ وَإِنْ كَانَا فَاسِقَيْنِ وَطَاعَتُهُمَا فِي غَيْرِ مَعْصِيَةِ اللَّهِ تعالى..
Адабуш Шария деген китепте жазылган: Күнөөкөр болсо дагы ата – энеге баш ийип аларга жакшылык кылуу ваажип.
Асма бинти Абу Бакр (р.а) айтат: Менин энем мага мушрик болгон абалда келди. Мен Пайгамбарыбыздан (с.а.в) мен энем менен жакшы мамиледе болоюнбу деп сурасам, ооба деп жооп берди.
Ушул аят жана хадистин түшүнүгүндө ата – энеге жакшылык кылуу бекемделди.

Кызыктуу окуя
كان هناك عرب يسكنون الصحراء طلباً للمرعى لمواشيهم، ومن عادة العرب التنقل من مكان إلى مكان حسب ما يوجد العشب والكلأ والماء، وكان من بين هؤلاء العرب رجل له أم كبيرة في السن وهو وحيدها، وهذه الأم تفقد ذاكرتها في أغلب الأوقات نظرا لكبر سنها، فكانت تهذي بولدها فلا تريده يفارقها، وكان تخريفها يضايق ولدها منها ومن تصرفها معه ، وسيقلل من قدره عند قومه ! هكذا كان نظره القاصر .
وفي أحد الأيام أراد عربه ان يرحلوا لمكان آخر ،
فقال لزوجته: إذا ذهبنا غداً ، اتركي أمي بمكانها واتركي عندها زادا وماءا حتى يأتي من يأخذها ويخلصنا منها أو تموت !!
فقالت زوجته : أبشر سوف أنفذ أوامرك .
شد العرب من الغد ومن بينهم هذا الرجل ..
تركت الزوجة ام زوجها بمكانها كما أراد زوجها ، ولكنها فعلت أمرا عجبا ، لقد تركت ولدهما معها مع الزاد والماء ،( وكان لهما طفل في السنة الأولى من عمره وهو بكرهما وكان والده يحبه حبا عظيما ، فإذا استراح في الشق طلبه من زوجته ليلاعبه ويداعبه ) .
سار العرب وفي منتصف النهار نزلوا يرتاحون وترتاح مواشيهم للأكل والرعي ، حيث إنهم من طلوع الشمس وهم يسيرون .
جلس كل مع اسرته ومواشيه ، فطلب هذا الرجل ابنه كالعادة ليتسلى معه .فقالت زوجته : تركته مع امك ، لانريده .
قال : ماذا ؟ وهو يصيح بها !
قالت : لأنه سوف يرميك بالصحراء كما رميت امك .
فنزلت هذه الكلمة عليه كالصاعقة ، فلم يرد على زوجته بكلمة واحدة لآنه رأى أنه أخطأ فيما فعل مع امه .
أسرج فرسه وعاد لمكانهم مسرعا عساه يدرك ولده وأمه قبل أن تفترسهما السباع ، لأن من عادة السباع والوحوش الكاسرة إذا شدت العربان عن منازلها تخلفهم في أمكنتهم فتجد بقايا أطعمة وجيف مواش نافقة فتأكلها .
وصل الرجل الى المكان وإذا أمه ضامة ولده الى صدرها مخرجة راسه للتنفس ، وحولها الذئاب تدور تريد الولد لتأكله ، والأم ترميها بالحجارة ، وتقول لها : ابتعدي هذا ولد فلان .
وعندما رأى الرجل ما يجري لأمه مع الذئاب قتل عددا منها وهرب الباقي،
حمل أمه وولده بعدما قبل رأس امه عدة قبلات وهو يبكي ندما على فعلته ، وعاد بها الى قومه ، فصار من بعدها بارا بأمه لا تفارق عينه عينها .
وصار اذا شدت العرب لمكان آخر يكون اول ما يحمل على الجمل امه ويسير خلفها على فرسه كما زاد غلاء زوجته عنده لفعلتها الذَّكيَّة، والَّتي علمته درسًا لن ينساه أبدًا
اللهم ارزقنا البر بوالدينا
Чөлдө жашаган араптар малдарын суулуу, оттуу жерлерде катаруу үчүн жашаган жерлеринен башка жерлерге көчүүнү адат кылышкан. Ошол коомдун арасында бир киши бар эле. Ал кишинин каарып калган энеси бар эле. Киши энесинин жалгыз уулу болгон. Эне каарылык курака жетип калган себебинен көпчүлүк убакта орунсуз сөздөрдү сүйлөп койчу. Анын мындай кылуусу өз баласын жакшы көрүп андан ажырабоону каалагандыктан болгон. Эненин маанисиз сөздөрдү сүйлөгөндүгүнө кыжырданып киши андан ажыроону каалады. Анын бул кыска ойлугунан мындайча пикир келди.
Күндөрдүн биринде коом адаттагыдай эле жашаган жерин таштап башка жака көчүп кетүүнү ниет кылышты. Анда киши өз аялына мындай деди: «Эртең бул жерден көчүп кетээрде энемдин алдына бир аз тамак – аш таштап, калтырып койгун. Аны башкалар келип алып кетишсин же ал ачкалыктан жан берсин. Ошентип биз андан кутулалы». Анда аялы: «Макул мен муну сөзсүз аткарам, сүйүнө бериңиз» - деди.
Эртеси күнү коом көчүүгө даярдана башташты. Алардын арасында жанагы киши да көчүүнүн аракетинде болду. Аялы болсо күйөөсү айткандай эле кайненесин калтыруунун камын көрдү. Бирок аялы ал эле эмес дагы бир өтө таң калыштуу иш жасады. Кишинин бир жашка чыккан кичине баласы да бар эле. Атасы аны өтө көп жакшы көрчү. Жумуштан чарчап эс алууну каалаганда өз баласын чакырып, аны ойнотуп, эркелетип эс алчу. Мына ошол баласын аялы кайненесинин жанына таштады.
Элдер жүрүп олтуруп бир дарыянын жээгинде өздөрү жана малдары таң атканга чейин эс алуу үчүн токтошту. Таң атаарда кайрадан сапарын уламакчы болушту. Адамдардын ар - бири өз үй – бүлөсү жана малдары менен чогуу болушту. Жанагы киши болсо адаттагыдай эле өз баласы менен көңүл ачуу үчүн аны издей баштады. Анда анын аялы: «Мен аны сенин энеңдин алдына калтырып келгем» - деди. Киши: «Эмне үчүн андай кылдың?! Балам анын алдында ыйлап калат да?» – дегенде, аялы мындайча жооп берди: «Сен өз энеңди таштап кеткендей эле, балаң дагы сени эртең эле талаага таштап кететда»
Аялынын бул сөзү чагылгандыг отунандакатураак тийгендей болду. Киши энесине кылган каталыгын сезип унчуукпастан аялына бирдагы сөз кайтага алган жок. Анан атын токуп мурда жашаган жерине шашкан абалда жөнөдү. Себеби жырткыч жаныбарлар коом көчүп кеткен жайларга келишип алардан калган тамак –аш сыяктуу калып кеткен нерселерди жеш масатында тез эле түшүп келчү. Киши ошол жырткычтар энеси жана баласына зыян жеткирип койбосун деп өтө шашкан абалда жөнөдү.
Ошентип киши мурдагы жашаган жерине жетип келди. Караса эне өз небересин дем алсын үчүн башын ган чыгарып бекем кыскан абалда олтуруптур. Карышкырлар энени айланып кучагындагы жаш баланы жеп кетүүнүн аракетинде экен. Энеси ал карышкырларды таштар менен уруп: «Кеткиле! Бул баланчанын уулу» - деп кууп жатыптыр.
Киши бул абалды көрүп өз энесинин айланасындагы карышкырлардын кээ бирин өлтүрдү. Калганы качып кетти.
Андан кийин, көздөрүнөн жаш төгүп ыйлаган абалда өз энесинен кечирим сурап, өбүп – жыттап, өзүнүн кылган амалына өкүнгөн абалда энесинин жана балсын кучагына алып коомунун артынан жетип келди.
Мына ушул окуядан кийин качан коом башка жака көчө турган болсо, эң биринчи өз энесин төөгө мингизип, калган нерселерин кийинки кезекке калтырмай болду. Энесине дайыма жакшылык кылып андан көз үзбөстөнжанынан ажыраган жок. Аялынын аткарган акылмандыгы куйөөсүнө унуткус сабак болду.
Аллах Таала баарыбызга өз ата – энебизге жакшылык кылганга мүмкүнчүлүк берсин.

Жубайлар ортосундагы мамиле

Үй – бүлөнүн негизги өзөгү болгон аялы жана күйөөсү да бири – бирин сыйлап, урматтап, жакшы мамиле менен өз үй – бүлөсүн өркүндөтө алышат. Ошондуктан Ислам шариаты да жубайлар ортосундагы мамилени какпастанар кайсыл адам өзүнүн өмүрлүк жолдошуна жакшы мамиле кылууга буйруган. Күйөөсүнө баш ийип, жылуу жумшак сөздөр менен анын көңүлүн көтөрүүсүн көптөгөн хадистерде баяндалган. Мен ошолордун арасынан мисал катары бир – эки хадистерди гана келтиремин.
وعن أم سلمة رضي الله عنها قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: أيما امرأةٍ ماتت وزوجها عنها راضٍ دخلت الجنة. رواه الترمذي
Умму Салмадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: Кайсы бир аял күйөөсүн ыраазы кылган абалда дүйнөдөн кайтса ал аял бейишке кирет. (Тирмизий)
وعن معاذ بن جبل رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: لا تؤذي امرأةٌ زوجها في الدنيا إلا قالت زوجته من الحور العين: لا تؤذيه قاتلك الله ! فإنما هو عندك دخيلٌ يوشك أن يفارقك إلينا رواه الترمذي .
Муаз бин Жабал (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Кайсыл бир аял күйөөсүнө зыян жеткирсе бейиштеги күйөөсү үчүн даярдалган Хур кыздар: Ага зыян жеткирбе! Аллах Таала сени кордосун! Ал азыр сенин жанында болсо дагы жакында ал сенден ажырап бизге келет – деп айтышат. (Тирмизий)
Пайгамбарыбыз (с.а.в) үч кишинин окуган намазы кулактарынан жогору көтөрүлбөйт – деп айткан. Мына ошолордун катарында түндү күйөөсүн нааразы кылып өткөргөн аял дагы айтылган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: Ким улууну Урматтабаса, кичүүнү ызаттабаса ал бизден эмес.
Бир гана аял күйөөсүнө жакшылык кылуу эмес, күйөөсү дагы аялына жакшы маммиле жасоого исламда көп көңүл бурулган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы күйөөсү аялдарына жакшы мамиле кылуусу жөнүндө көптөгөн хадистерди айткан.
وعن معاوية رضي الله عنه قال: قلت: يا رسول الله؛ ما حق زوجة أحدنا عليه ؟ قال: أن تطعمها إذا طعمت، وتكسوها إذا اكتسيت، ولا تضرب الوجه، ولا تقبح، ولا تهجر إلا في البيت
Муъавия (р.а) Пайгамбарыбызга (с.а.в) айтты: «Оо, аллахтын элчиси! Күйөөсүнүн аялына болгон акысы канчалык?» Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Өзүң тамактанган учурда аялыңды да тамактандыр, өзүң кийинген учурда аялыңды да кийиндир. Жүзүнө урба, аны үйдө гана уруш».
وعن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: أكمل المؤمنين إيماناً أحسنهم خلقاً، وخياركم خياركم لنسائهم. رواه الترمذي
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Момундардын ыйманы толугураагы мүнөзү жакшыраагы. Силердин жакшыраагыңар, аялына жакшы мамиле жасагандар.
عَنْ أَبِي عُثْمَانَ؛ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَعَثَ عَمْرَو بْنَ الْعَاصِ عَلَى جَيْشِ ذَاتِ السُّلَاسِلِ، قَالَ: فَأَتَيْتُهُ، فَقُلْتُ: أَيُّ النَّاسِ أَحَبُّ إِلَيْكَ؟ قَال: عَائِشَةُ
Абу Усман (р.а) айтат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) Амр бир Аасты (р.а) казатка амир кылып жөнөтүп жаткан учурда мен ага келип: Адамдардын кимисин жакшы көрөсүз? - деп сурасам, ал: «Айшаны» - деп жооп берди.

Балдарга жакшылык клуу
Бала Аллах Таала тараптан келген неъматтардан эң чоң белек. Алар өз ата – энесине кызмат кылган, чоң жардамчы болушат. Балдарды Аллах Таала дүйнөнүн кооздугу деп айткан.
وحتى يكون الأبناء قرة أعين لآبائهم وأمهاتهم وزينة لحياتهم، لا بد من الإحسان إليهم، وذلك بتربيتهم التربية الإسلامية الصالحة، وتنشئتهم على العقيدة الإسلامية الصحيحة
Балдар ата – энесине жардамчы, дүйнөнүн кооздугу болгондугу себебинен аларга жакшылык кылуу заарыл. Жакшылык кылуунун эң чоңу – аларды ислам тарбиясы менен тарбиялап, туура акыйданы үйрөтүү болуп эсептелет.
وعن عائشة رضي الله عنها قالت: قدم ناسٌ من الأعراب على رسول الله صلى الله عليه وسلم، فقالوا: أتقبلون صبيانكم ؟ فقال: نعم، قالوا: لكنا والله ما نقبل ! فقال رسول الله صلى الله عليه وسلم: أو أملك إن كان الله نزع من قلوبكم الرحمة ! متفقٌ عليه.
Айшадан (р.а) риваят, Бедуин (тоолук) араптардан кээ бирлери Пайгамбарыбызга (с.а.в) келишип: «Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү?» - деп (таң калып) сурашканда, Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Ооба» - деп жооп берди. Анда алар «Аллахка касам! Биз балдарыбызды өппөйбүз» - дешти. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах Таала силердин жүрөгүңөрдөн мээримдүүлүктү алып койсо мен эмне кылайын?!»
б.а жүрөктөргө мээрим салып, жумшак кылуучу бир гана Аллах Таала.
وعن جرير بن عبد الله رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: من لا يرحم الناس لا يرحمه الله. متفقٌ عليه.
Жарир бир Абдуллодон (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Ким адамдарга ырайым кылбаса, Аллах Таала ага мээримин төкпөйт».
Балалуу же кыздуу болуу бул Аллах Тааланын каалоосу. Ошондуктан уул төрөлбөстөн кыз төрөлүп калса, «уул болгондо туяк болмок» - деп кызды жаман көрүү Аллахтын берген белегине шүгүрсүздүк кылуу болот. демек бизге Жараткан тараптан берилген нерсеге шүгүр кылуу заарыл. Эми биз үчүн аманат катары кызды кудай тартууласа, ага да жакшылык кылып, мээрим төгүшүбүз керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в) да көптөгөн хадистерде ушуну бекемдеп айткан.
وعن عائشة رضي الله عنها قالت: دخلت علي امرأةٌ ومعها ابنتان لها تسأل، فلم تجد عندي شيئاً غير تمرةٍ واحدةٍ، فأعطيتها إياها فقسمتها بين ابنتيها ولم تأكل منها، ثم قامت فخرجت، فدخل النبي صلى الله عليه وسلم علينا، فأخبرته فقال: من ابتلي من هذه البنات بشيءٍ فأحسن إليهن كن له ستراً من النار. متفقٌ عليه.
Айша (р.а) айтат: Менин алдыма эки кызы бар бир аял келип тамак ашы жоктугуна арызданды. Менде бир даана гана курма бар эле. Мен аны бердим. Аны эки кызына бөлүм берип өзү даам да таткан жок. Анан ордунан туруп чыгып кетти. Ангыча Пайгамбарыбыз (с.а.в) кирип келди эле, мен ага болгон окуяны айтып бердим. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Кимге эки кыз берилсе ал аларга жакшылык кылса, кыздар ага тозоктон калкан болушат.
وعن أنس رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: من عال جاريتين حتى تبلغا جاء يوم القيامة أنا وهو كهاتين وضم أصابعه. رواه مسلم.
Анастан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Ким эки кызды балагатка жеткенге чейин жакшы карап чоңойтсо кыямат күнү мен жана ал ушундай жакын болот» деп эки манжасын бириктирди.

Бир туугандарга жакшылык кылуу
Көпчүлүк учурда ислам аалымдары ата – эненин акысы, жубайлардын акылары, балдардын акылары, же ооруулар жөнүндө көп сөз кылышат. Бирок бир туугандын акысы, же ага жакшылык кылуу жөнүндө баяндар өтө аз болот. Бир туугандын акысын билбегендиктенби? Айтор азыркы учурда өзүбүздүн бир туугандар менен жакшы мамиле эле эмес, арада бир туугандар менен душмандык кылгандар да жок эмес. Аллах Таала бир туугандар жөнүндө көптөгөн аяттарды түшүргөн.
Алардын көкүрөктөрүндөгү кектерди чыгарып салабыз. Алар бири бирине бир тууган болушат жана мамыктардын үстүндө бет – маңдай олтурушат. (Хижр 47)
Бирок мен жогорку аятта келген бир туугандар жөнүндө айтпайм.
Ал (Аллах Таала) инсанды суудан жараткан жана ага бир туугандарды жана жек – жааттарды берген. Эгең – Кудуреттүү. (Фуркан 54)
Балким ушул аятта айтылган бир ата – энеден төрөлгөн бир туугандар жөнүндө айтамын. Бир туугандарга жакшылык кылуу адат болуп калган нерсе эле эемес. Т.а ал чоң бир ибадат. Дүйнөдө гана кааланылган нерсе эмес, балким Аллах Таала түзүп берген дин.
روى الإمام أحمد أن رسول الله -صلى الله عليه وسلم- قال: (بر أمك وأباك، وأختك وأخاك ثم أدناك أدناك)
Имам Ахмад (р.х) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Энеңе, атаңа, эжеңе, байкеңе жакшылык кылган. Андан кийин алардан башкаларына жакшылык кылгын».
ولنا قدوة في رسولنا ونبينا محمد صلى الله عليه وسلم في قصته مع أخته من الرضاع الشيماء بنت الحارث رضي الله عنها حينما قدمت إليه بعد انقطاع طويل فماذا فعل رسول الله؟ بسط لها رداءه وأجلسها عليه وخيرها فقال لها: إن أحببت الإقامة فعندي محببة مكرمة وإن أحببت أمتعك فترجعي إلى قومك؟ قالت: بل تمتعني وتردني إلى قومي، فأعطاها رسول الله ثلاثة أعبد وجارية ونعما وشاء
Бизге Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүнү эмчектеш бир тууганы менен болгон мамилесинде өтө сонун үлгү көрсөткөн. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) эмчектеш бир тууганы Шайма бинти Харис (р.а) ана келгенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн үстүнө кийген желегин жайып ага эжесин олтургузду да аны сыйлады. Анан ага эгер сиз ушул жерде калууну жактырсаңыз, анда мен сизди жакшы көрүп сыйлайымын. Кааласаңыз сизге белектерди беремин. Сиз өз коомуңузга кайтып барасыз - деди. Анда ал: мага белегиңди берип өз коомума жөнөтүп койо бер - деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) болсо ага үч кул, бир чөрү жана башка нерселерди берди.
Караңыздар, Ислам шариатында эң кимди калтырбастан баарын ынтымака, биримдүүлүкө чакырат. Аллах Таала баарыбызга үй – бүлөдөгүлөрдүн баарына жакшылык кылганга мүмкүнчүлүк берсин. Аамин!

КМДБнын фатва, хутба жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Исмаилов Жигитали ажы.

 

Кароолор (807)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10222
Онлайн: 1