Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Балдардын исламдагы тарбиясы жана аларга мээримдүүлүк кылуу

بسم الله الرحمن الرحيم
Балдардын исламдагы тарбиясы жана аларга мээримдүүлүк кылуу.
الحمد لله رب العالمين و العاقبة للمتقين و الصلوة و السلام علي رسوله محمد و اله و اصحابه اجمعين
Негизи исламда бала тарбиялоо өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү милдеттердин бири. Анткени бул жерде адам баласынын өмүрү, келечеги эртенки жашоосу каралат. Баланы жакшы тарбиялоодо динибиз дагы бул маселеге кененирээк орун берген. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде: «Силер үйлөнгүлө, көбөйгүлө анткени мен силердин көптүгүнөр менен акыр кыяматта сыймыктанам.» - деген. Балалуу болуп аларды дин менен таалим – тарбия берип өстүрүү бул эң чоң бакыт. Аллах Таала Куранда мындай деген:
"يا ايها اللذين امنوا قوا انفسكم و اهليكم نارًا و قودها الناس و الحجارة عليها ملآئكة غلاظ شداد لا يعصون الله ما امرهم و يفعلون ما يئمرون "(التحريم-6)
«Ээ момундар! Өзүнөрдү жана үй – булөнөрдүн отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла! Анын үстүндө таш бооржана кардуу периштелер болот, алар Аллахтын буйругуна эч каршы болушпайт жана өздөрүнө буйрулган нерселерин орундатышат.» (Тахрим – 6 аят)
Бул аят тууралуу улуу имам Газалий (р.х) мындай деген: «Өзүнөрдү жана үй – бүлөнөрдү тозок отунан сактагыла дегендин мааниси үй – бүлөнөргө дин тарбиясын үргөткүлө деген.»
مروا اولادكم بالصلوة وهم ابناء سبع سنين و اضربوهم عليها وهم ابناء عشر سنين و فرقوا بينهم قي مضاخع (روه ابو داود)
Бала тарбиялоо туралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Силер балдарынарды жети жашка толгондо намаз окууга буйругула жана алар он жашка чыкканда намаз окубаса ургула жана алардын жайларын бөлгүлө.» (Балдарды өзүнчө кыздарды өзүнчө жаткыргыла.) Бул хадистен балдардын жаш кезинен тарбиялоо өтө зарыл экени билинет.
Уламалар айтышат: «Эгерде бир киши өзүнүн баласын жети жашында намаз окуу деп айтпаган болсо, он жашка толгондо аны урууга акысы жок. Себеби ал кичинесинен ага тарбия берген жок.»
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бала тарбиялоодо өрнөк.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) балдарга болгон мамилеси, мээрими бизге чоң өрнөк болуп саналат. Атанын балага берген эң чоң белеги бул жакшы тарбия. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жамаат менен немез окуп жатканда дагы кичинекей небереси үстүнө чыгып алган. Небересин көтөрүп саждага барганда жерге коюп кайра турганда кайра көтөрүп намаз окуган жери бар. Эми бул деген дайыма намазда кичинекей балдарын көтөрүп алган деп түшүнбөшүбүз керек. Бирок ошондой бир учур келип калганда кичинекей балага да жакшы аяр мамиле кылганга жага мээримин, ырайымын төккөнгө өрнөк болуп бизге көрсөтүп берген.
Балдарды кичине курагында эч убакта урбаш керек. Кээ бир риваят боюнча он жашка чейин. Жети жашынан намаз окууга үйрөткүлө он жашынан намаз окууга зордогула деген жери бар. Уруп согуу баланын эртеңки келечегине зыян алып келет. Мисалы: Бала жоопкерчиликтен кача турган, коркок, бир нерсеге чыгына албай калышы мүмкүн. Ошондуктан жети жашка чейин баланы эркин коюш керек. Сөз коркутуп – үркүтү эмес, ата – эне жүрүм турумунан жана кыймыл аракети менен тарбиясын бергени жакшы таасисирин тийгизет. Буга Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын жашоосу далил жана күбө.
 
Балага жакшы ат койуу
Исламда балага ат койууда эң маанилүү иштердин бирөөсү,себеби ошол койулган ысым чоңойгондо созсүз ошол балага таасирин тийгизет. Кандай ат койуу керек бул туурасында да бир нече хадистер бар.
فقد روي ابو داود باسناد حسن عن ابي الدرداء رضي الله عنه قال:قال رسول الله صلي الله عليه و سلم"انكم تدعون يوم القيامة باسمائكم و باسماء ابائكم فاحسنوا اسمائكم"
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: албетте силер кыйамат күнү өзүнөрдүн атыңар менен жана атаңардын аты чакырыласыңар ошондуктан өзүңөргө жакшы ат койгула.
Бул хадистин түшүнүгү эң жакшы ат койууда өтө зарыл амал. Эми кайсыл ысымдар жакшы бул туурасында дагы бир нече хадистер бар.
روي مسلم في صحيحه عن ابن عمر رضي الله عنهما قال:قال رسول الله صلي الله عليه و سلم"إنّ احب اسمائكم الى الله عزّ و جلّ عبد الله و عبد الرحمان"
Ибну Умар(р.а)дан ривайат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:Албетте Алла таалага эң сүйкүмдүү ат Абдулло жана Абдуррохман.
Бул хадистен билинет эң жакшы ат ушул эки ат,андан кийин "عبد"менен башталган ысымдар,Мисалы Абдулхамид Абдулбааки Абдулазиз Абдуррошид.
Жакшы адеп берүү жана чөйрөнүн таасири
Албетте атанын өз баласына эң чоң жакшылыгы жакшы адеп берүү.
Бул жөнүндө Ибни мажада хадис келген.
"أدبوا اولادكم و احسنوا ادبهم"(رواه ابن ماجة)
Балдарыңарга эң жакшы адеп үйрөткүлө.
"أدبوا اولادكم علي ثلاث خصال:حبِّ نَبِيَّكُمْ و حب الِ بيته و تلاوة القران فان حملة القرآن في ذلّ عرش الله يوم لا ظلَّ اإلا ظلُّهُ"(رواه الطبراني)
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:Балдарыңарга үч нерсе тууралуу тарбия үйрөткүлө.1)Пайгамбарды сүйгөнгө.2)пайгамбарыбыздын үй-бүлөөсүн сүйгөнгө.3)куран жаттоого.Албетте куран жаттаган бала кыямат күнү эч бир көлөкө жок болгон учурда Аллах Тааланын аршынын көлөкөсүндө болот.Бул эң чоң бакыт.
Албеттте баланын жакшы тарбиялануусуна чөйрөнүн таасири өтө чоң эгерде бала дин чөйрөсүндө чоңойсо бала чоңойгондо диндар болот,эгерде баланын чөйрөсү жаман чөйрө болсо балага чоң терс таасирин тийгизет.Бала тарбияланганда негизи ата-эне диета кармаган сыяктуу көңүл буруш керек.Алгач балдарыбыз үчүн шарт түзүп,бир ортолук дайардашыбыз абзел.Андан кийин белгилүү жашка жеткенден кийин,мектеп учурунда анын достору,жакындары деги эле чөйрөсүнө маани берүү зарыл. Көпчүлүк аалымдардын айтуусу бойнча бала төрөлгөндөн баштап беш (5) жашка чейин мыкты тарбия алса келечегине жакшы болот.5 жашка чейин балага кандай нерсе берилген болсо,ошону бала сөзсүз түрдө кабыл алат.
"كلكم راع و كلكم مسئوول عن رعيته الرجل راع في اهله و المرئة راعية في بيت زوجها و مسئوول عنها"(رواه البخاري و مسلم)
 

Кароолор (1417)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10184
Онлайн: 1