Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Энени сакташ үчүн боюндагы баланы алдырып салуу (аборт) болобу?

? СУРОО. Эненин ден-соолугуна олуттуу зыян берген учурда түйүлдүктөгү баланы алдырып салса болобу? Доктурлар айтышса “эне тирүү калсын десе анда баланы чыгарып ташташ керек, эгер курсактагы бала калса анда эне өлөт, эне өлсө курсактагы бала баары бир өлөт”. Ошондуктан эненин өмүрүн сактап калуу үчүн баланы түшүрүп салса болобу?

ЖООП. Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин айтты:

? Түйүлдүктөгү балага жан (рух) киргизилген учурда[1] — кандай гана акыбал болбосун, эч качан аны алдырып (түшүрүп) салуу болбойт! Себеби аны алдыруу — аны өлтүрүү дегендик.

Кээ бир пайда-зыянды калчаган кишилер өз пикиринен айтышы мүмкүн – бул учурда эне өлгөндөн көрө баланы чыгарып ташташ керек деп. Бирок Шариатка каршы келгенде жеке ой пикир жыйнаштырылат.

Биз айтабыз: жан киргизилген түйүлдүктөгү бала [толук төрт ай толгондон кийин] – ал кадимки эле инсан. Аны алдырып салуу уруксат эмес. Керек болсо доктурлар “ал калса эне өлөт, эне өлсө бала баары бир өлөт; аны чагарып таштасак жок дегенде эне саламатта калат” десе дагы. Бул бузук пикирге жооп:
ℹ бир кишини сактап калыш үчүн экинчи кишини өлтүрүү — уруксат эмес. М: чөлдө чоң киши жана кичинекей бала калып калды, ачкалыктан өлүп баратып чоңу кичинесин өлтүрүп аны союп жеп койсо болобу? Бардык аалымдардын бирооздон пикири (ижмаъ) боюнча бул — болбойт!…

 Жаны (руху) бар түйүлдүктү алдырып салуу (аборт) эч кандай акыбалда уруксат эмес, керек болсо энеси өлүп калчу болсо дагы. Мунун себептери:

 эгер биз түйүлдүктү түшүрүп салсак — биз аны өлтүргөн болобуз; ал эми эгер ал төрөлүп, энеси өлүп калса, анан бала өзү да өлүп калса — анда ал экөө Аллах Тааланын ажалы менен өлгөн болот, биздин арабыздан эч ким аларды өлтүргөн жок.

2⃣ энесинин өлүшү менен бала сөзсүз түрдө эле өлүп кала бербейт — өзгөчө азыркы [медицина жетишкен] заманда. Энеси өлсө да баланы тез арада алып чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Же андай эмеспи? Шек күмөнсүз ошондой. М: кээ бир ветеринар доктурлар кой ж.б.у.с. мал өлүп калса түйүлдүктөгү баласын ал өлгүчө алып чыгууга үлгүрүшөт.

3⃣ түйүлдүктөгү бала Аллахтан ажал жетип өзү өлгөн болсо – сөзсүз эле энеси кошо өлөт деген сөз эмес. Энеси тирүү калат, ал эми курсагындагы бала [ошондо] чыгарылып ташталат, себеби ал өлүк деп эсептелет.

Жыйынтыктап айтсак: Эгер түйүлдүктөгү балага жан (рух) салынса – аны кандай гана акыбал болбосун – чыгарып же түшүрүп салуу такыр уруксат эмес.

 

Кароолор (539)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10188
Онлайн: 1