Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
ИСЛАМ ДИНИ

Исламдын бардык заман жана мекендерге ылайык - жарактуу экенинин мааниси. Кээ бир адамдар түшүнгөндөй, ислам замандын, мекендин жана улуттун кызыкчылыгына моюн сунат дегени эмес, тетирисинче аны кабыл алуу эч бир заманда, эч бир элдин пайдасына каршы келбейт дегенди билдирет. Ислам ДИНИ чыныгы дин. Аллаh Таала бул динди тутунган кишилерге жардам берүүнү жана бул динди башка диндерден үстөм - жогору кылууну кепилдеген. Аллаh Таала айтты : "Ал (Аллаh) -каапырлар жаман көрсө да - Исламды бардык диндердин үстүнөн жогору кылуу үчүн Өз элчисин хидаят жана хак дин менен жиберген Зат" (Саф :9)

Силердин араңардан ыйман келтирип жакшы амал кылган кишилерге Аллаh , алардан илгеркилерди халифа кылгандай, аларды да жер бетине сөзсүз түрдө халифа кылаарын, алар үчүн ыраазы болгон диндерин орнотуп берээрин жана алардын коркууларын убада кылды. (Жана айтты ): "Алар мага гана ибадат кылышат. Мага эч нерсени мага шерик кылышпайт. Мына ушундан кийин ким каапыр болсо, ошолор гана бузуку кишилер " (Нур:55)

ИСЛАМ ДИНИ толук - кемчилдиксиз акыйда (ишеним) жана толук - кемчилдиксиз шарият (жол) болуп эсептелинет. Ал : -Аллаhтын жалгыздыгына (тавхидге) буюруп, Аллаhка шерик кошуудан (ширктен) кайтарат... -Чынчылдыкка буюруп, жалганга тыюу салат.. - Адилетке буюруп, зулумдан кайтарат.. - аманаткөйлүккө буюруп, кыянаттан кайтарат... - Убадага бекемдикке (опалуулук) буюруп, чыккынчылыктан кайтарат... - Ата - энеге жакшылык кылууга буюруп, алардын көңүлүн кайтаруудан кайтарат... - Тууганчылдыкты бекемдөөгө буюуруп , үзүлүүдөн кайтарат. -Жакшы кошуначылыкка буюруп, жаңжалдан кайтарат. Кыскасы , ислам бардык улук, изги кулк мүнөздөргө буюруп, бардык төмөн - ыплас, адепсиз кылыктардан кайтарат. Аллаh Таала айтты : "Аллаh Таала адилдикке эхсан (жакшылык) кылууга жана тууган уруктарга (белек - бечек) берүүгө буюруп, (шариятта) тыюу салынган бузук - төмөн иштерден жана зулум кылуудан кайтарат ". "Ал сиздерге насаат кылат. Аллаhты эскерүүңүздөр үчүн". (Нахл :90)

 

Кароолор (520)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10169
Онлайн: 1